• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө айдоочу 3 адамды өлтүрө сүзгөн

Аймак 0

Бишкек, 25.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында дароо үч жөө жүргүнчү жол кырсыгына кабылган: эки аял жана 2 жашар бала. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ысык-Көл облусунун ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ кечинде болжол менен саат 20:30 чамасында катталган. Анда “Toyota Land Cruiser” үлгүсүндөгү жеңил унаа батыш тарапты көздөй бара жатып Балыкчы-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында 3 адамды өлтүрө сүзгөн. 1980-1981-жылкы эки аял жана 2015-жылы туулган кичинекей бала. Унааны 32 жаштагы аял Бишкек шаарынын тургуну башкарып бара жаткан.

Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий