• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө Айтматовдун "Гүлсарат" повести боюнча мемориалдык-скульптордук композиция ачылды

Маданият 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык эстелигинин ачылышы болду.

Салтанаттуу иш-чарага КР вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, жазуучулар, маданият ишмерлери, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

"Биздин мекендешибиз жана улуу жазуучу өз чыгармаларында адамдын тарыхый эс-тутумундагы маселелер, «адам үчүн адам болуу» деген сыяктуу татаал жана түбөлүктүү суроолор боюнча ой толгоп, жашоо-тиричиликтин күнүмдүк жеңил эмес баскычтарын багындырып келген. Биз кыргыз жери дүйнөгө чыгармаларында мекенге жана энеге болгон сүйүү, бүтүндөй дүйнөдө тынчтыкка умтулуу - адамзатынын жашоо максаты болгон улуу адамды жана улуу жазуучуну тартуулаганы менен сыймыктанабыз", - деди Жеңиш Разаков.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда жана көптөгөн башка өлкөлөрдө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий