• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө акимдерди аттестациялоо аяктады - жыйынтыгы

Аймак 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Республикалык аттестациялоо комиссиясы 26 мартта аттестациялоону жыйынтыктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 13 талапкерден 2 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. 1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат:
  2. 9 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
  3. 3 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.

Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий