• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө Аквакультура жана балык чарбасын өнүктүрүү борборун түзүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Тоң балык өстүрүү заводунун” базасында Аквакультураны жана балык чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук борборун түзүү мерчемделинүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоор Кореянын деңиз институтунун (KДИ) техникалык жана финансылык колдоосу менен ишке ашырылат.

Белгиленгендей, “Кыргызстанда Аквакультураны жана балык чарбасын өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу боюнча улуттук борборун” түзүү долбоорун 2022-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашыруу пландалууда.

"Аталган борбордо ихтиология, ихтиопатология боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо пландаштырылууда. Кыргызстандын ар кандай климаттык шарттарына ыңгайлашкан лосось, сига жана карп балыктарынын чабактары менен камсыз кылуу. Окутуу практикалык шартта да жүргүзүлүп, балык чабактарын жана товардык балыктарды бассейндерде, садоктордо жана көлмөлөрдө өстүрүү технологиялары, балык чарбасын уюштурууда жана башкарууда ветеринардык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, борбор студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды даярдайт, дипломдук жана илимий иштерди жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий