• 84.45
  • 87.56
  • 1.38

Ысык-Көлдө Аквакультура жана балык уулоону өнүктүрүү борбору түзүлөт

429 кароо Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Аквакультура жана балык уулоону өнүктүрүү борбору түзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Айыл чарба министрлиги менен Кореялык деңиз институтунун (КДИ) ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө түзүлгөн меморандумдун негизинде Балык чарба департаменти Ысык-Көл облусунун Тоң балык өстүрүүчү заводунун базасында Кыргызстандын аквакультура жана балык уулоону өнүктүрүү борборун түзүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыккан.

Бул долбоорду ишке ашыруу Корея тарабынан ишке ашырылат жана 2022-2026-жылдарга эсептелген

2022-жылдын 23-майынан 28-майына чейин техникалык-экономикалык негиздемени деталдуу изилдөө үчүн КДИнин вице-президенти Чунг Джун Хи жетектеген КДИнин эксперттери Кыргызстанга келишти.

“Улуттук борбордо окуу борбору, лабораториялар, окуп жаткан студенттер жана балык өстүрүүчүлөр, окутуучулар, окумуштуулар үчүн турак жай комплекси болот”, - деп айтылат маалыматта.

Бул борбор өлкөнүн рыногун илимий-изилдөө кызматтары, квалификациялуу кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, балыктын бардык ветеринардык-санитардык талаптарына жооп берген сапаттуу, Лосось, Сига жана Карп түрлөрүнүн балык өстүрүүчү материалдары, Кыргызстандын ар кандай климаттык зоналарына ылайыкташтырылган товардык балыкты, балык өстүрүүчү материалды өстүрүүнүн заманбап технологиялары, балыкты кармоонун илимий негизделген лимиттери жана квоталары, балыкты өстүрүү боюнча ченемдер, сунуштар менен камсыз кылат

Пикир

Оставить комментарий