• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө ата-энеси жок балдарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Ысык-Көл облустук соту Каракол шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ар жылы 1-июнда көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле биздин мамлекетибизде да Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамдалат. Жайдын алгачкы күнү Каракол шаарында балдардын майрамына карата бир катар иш-чаралар менен акциялар пландаштырылган.

Балдарды коргоо күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларга Ысык-Көл облустук сотунун эмгек жамааты салттуу түрдө жыл сайын катышып, ата-энеси жок балдарга материалдык жардамын көрсөтүп келет.

1-июнда Ысык-Көл облустук сотунун судьясы У.Т.Шерипов, соттун аппаратынын кызматкерлери Б. Данабаева, Г. Аширбаева, С. Мадакеев, А. Усупбеков жана Н. Курдашов Каракол шаарындагы «Каракол» балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен жолугушту.

Судья Улан Шерипов Ысык-Көл облустук сотунун жалпы жамаатынын атынан балдарды майрамы менен куттуктап, ачык асман, чың ден соолук, жаркын келечек каалап, мындан ары да жардамдар көрсөтүлүп турарын айтты. Андан соң, атайын даярдалган белектер жана азык-түлүктөр тапшырылды.

Балдар үйүнүн директору М.Б.Орозбаева соттун жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий