• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө атайын операциясынын жүрүшүндө 15 мыйзамсыз курал алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө 15 бирдик мыйзамсыз курал-жарак алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ысык-Көл аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана каражаттарды алуу максатында, ошондой эле жарандык кызматтык жана күжүрмөн куралдар менен байланышкан укук бузуулардын алдын алуу үчүн “Арсенал” аталышындагы операция болуп өттү.

Он күндүк операциянын жүрүшүндө 3 миӊден ашык ок атуучу куралдын ээлери текшерилди. Текшерүү учурунда ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин мөөнөттөрүн бузуунун 47 учуру аныкталды. Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, жалпы 15 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 бирдик, анын ичинен 2 сайлуу ок атуучу курал-жарак алынып, алардын ар кандай кылмыштарга колдонулуп-колдонулбагандыгын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий