• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө автоунаа менен комбайн кагышты, жабыркагандар бар – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында кечээ, 19-июлда автоунаа менен комбайн кагышты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу Талды-Булак айылынын 32 жаштагы Ж.У. аттуу тургуну “Субару-Легаси” унаасын айдап бара жатканда рулду башкара албай алдыда келе жаткан “Енисей” комбайнын сүзгөнүн аныкташкан. Комбайнды Түп айылынын 23 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну башкарып келе жаткан.

Жол кырсыгынан автоунаанын айдоочусу жана Жылуу-Булак айылынын 65 жаштагы У.А. аттуу жүргүнчүсү алган жаракатынан улам райондук ооруканага жаткырылган.

Аталган факты Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий