• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө баңгизат менен УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү баңгизат менен кармалды.

Аймактын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл районунун Ички иштер органынын Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бактуу-Долоноту айылынын 46 жаштагы жашоочусу О.А. кармалган, ал УКТнын активдүү мүчөсү катары КР Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде турат.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси боюнча катталган жана сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анда өзгөчө жыты бар баштыкка оролгон зат алынган.

Белгиленгендей, текшерүүдө алынган заттын салмагы 750 граммды түзгөн.

Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий