• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө баңгизатын колдонгон айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө баңги затын колдонгон айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери тарабынан “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган.

Документтерин текшерүү учурунда унаанын алдыңкы терезелери мыйзамсыз караңгылатылганы, ошондой эле 40 миң сомдон ашуун төлөнбөгөн айыппулдары бар экендиги аныкталган.

Мындан тышкары, 1995-жылы туулган А.К. аттуу айдоочунун унаа башкаруу учурунда баңгизат колдонгондугу аныкталган.

Айдоочу кайгуул кызматкрлерине баш ийбей, урушууга чейин барган.

Натыйжада тийиштүү протоколдор толтурулуп, унаа айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий