• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө баңгизатын ташып бара жаткан жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.03.22 /Кабар/. Ысык-Көлдө баңгизатын ташып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Түп РИИБнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине, жергиликтүү тургун баңгизаттарын Бишкек шаарына чыгарып кетүүнү көздөп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшөт.

Аталган маалымат райондук милициянын КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал Балбай айылынын 32 жаштагы К.Б. аттуу тургуну болуп чыкты.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жаран такси менен Бишкек шаарына бара жаткан жеринен кармалып, өздүк кароо жүргүзүү учурунда, бир литрлик айнек банкага салынган 72 даана тегерек формасында жана жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынган.

Алынган далил заты баңгизаттын кайсыл түрүнө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертизасы дайындалды. Райондук соттун чечими менен шектүү жаранга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий