• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө байланыш зымдарын уурдап жаткан бишкектиктер жергиликтүү жаштар тарабынан кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө Бишкек шаарынын тургундары байланыш зымдарын уурдап жаткан жеринен жергиликтүү жаштар тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев аймактын жергиликтүү жаштары менен жолукканда аларды кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө чакырган. Аталган чакырык коомчулуктун активдүү катмары тарабынан толук колдоого алынып, өзүнүн жемиштүү натыйжаларын бере баштады.

Атап айтканда, 11-февралга караган түнү, болжол менен саат 01:00 чамаларында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында түнкү күзөт иштерин жүргүзүп жаткан жаштардын көңүлү белгисиз «Камри» үлгүсүндөгү автоунаага бурулат. Белгисиз автоунаанын артынан түшкөн жаштар унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрүнүн айылдын четиндеги Кыргызстандагы уюлдук операторлордун бирине таандык болгон байланыш зымдарын зым карагайынан кесип, уурдап жатканына күбө болушат. Кылмышкерлердин изине түшкөн жаштар шектүү адамдарды кылмыш жасап жаткан жеринен кармашып, уюлдук телефон аркылуу өздөрүнүн аймактык милиция кызматкерине жана Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө билдиришет.

Алардын билдирүүсү Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш ишине алынат.

Кылмыш болгон жерге келишкен райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу тийиштүү процессуалдык иш кагаздары толтуруп, кармалган адамдар жана алынган далил заттар ички иштер бөлүмүнө жеткирилет.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдардын өздүктөрү такталат. Алар, 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургундары М.Ч. жана С.А., ошондой эле 24 жаштагы Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну О.А. болушкан. Алгачкы суракта шектүү катары кармалышкан адамдар Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой, Тамчы, Тору-Айгыр айылдарынан байланыш зымдарын уурдашкандарын моюндарына алышты. Алардан далил зат катары 144 метр узундукту түзгөн байланыш зымдары алынды.

Ал эми, айдап жүрүшкөн «Камри» үлгүсүндөгү автоунаа райондук милициянын атайын токточуу жайына токтотулду. Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча шектүү катары кармаган адамдар Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иш алкагында тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий