• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө балдар лагерлери 25-июндан тарта ачылышы мүмкүн − облус жетекчиси

Аймак 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда балдар лагерлери 25-июндан тарта ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, адатта облустагы эс алуу балдар лагерлери 15-июндан тарта ишин баштап келген.

"Быйыл кырдаалга байланыштуу алардын ишмердүүлүгүнө азырынча уруксат бериле элек. Республикалык штабдын чечими менен балдардын жайкы эс алуу лагерлерине уруксат берүү укугу жергиликтүү бийлик органдарына берилген. Балдар лагерлери 25-июндан тартып ачылышы мүмкүн", - деди ал.

Осмоналиев белгилегендей, облуста 19 балдар лагери бар.

Пикир

Оставить комментарий