• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө "Балдар шериктештиги" форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко "Балдар шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүү форумунун алкагында уюштурулган терегек үстөлгө катышты. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форум КМШга кирген мамлекеттердин келечеги болгон жаштардын достугун арттырууда өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков: "КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн жыйырма беш жылдыгын утурлай өткөрүлүп жаткан бүгүнкү иш-чара келечек муундун тажрыйба алмашып, билим деңгээлдерин жогорулатуусуна гана шарт түзбөстөн, башка маданияттарды таануу менен дүйнөлүк көз карашын кеңейтүүсүнө да өбөлгө болот. Айрыкча, бул форум тарыхый байланышка ээ мамлекеттердин жаштарынын тыгыз кызматташуусу жана жакындан пикир алышуусу үчүн зарыл болгон уникалдуу аянтча болуп эсептелет. Андыктан, беш жылдан бери кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде ар кайсы тематикада өткөрүлүп келе жаткан "Балдар шериктештиги" форумун мындан ары да улантуу башкы максатыбыз", - деди.

Мындан сырткары, жаштар бир өлкөнүн гана келечеги эмес, КМШга кирген баардык мамлекеттердин достугунун келечеги экенин баса белгилеген Төрага форум катышуучуларын тарыхый баалуулуктарга шайкеш келген заманбап жаңыланууларды толук өздөштүрүүгө чакырды.

Ал эми Россия Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко өткөрүлүп жаткан бүгүнкү иш-чарада шериктештикти келечек муундун кызматташтагы менен улантуу максаты коюлганын ачыктап: "Форумду уюштуруп, КМШга мүчө-мамлекеттердин жаштарын көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде достоштурганы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана парламент Төрагасы Чыныбай Турсунбековго ыраазычылык билдирем. Анткени, бул форумдун алкагында жаштардын далай жакшы тилектер айтылып, улуттар аралык ынтымак менен достук мамилени камтыган алакалар түзүлдү", - деди. Андан тышкары, форум катышуучуларын мындан ары да байланыштарын үзбөөгө чакырып, тез-тезден баарлашып турууну өтүндү.

Тегерек үстөл алкагында форумдун катышуучулары бир катар сунуштары менен да бөлүшүп, олуттуу демилгелерди көтөрүштү. Анын ичинде, Кыргызстандын жаш өкүлдөрү КМШ Жаштар ассамблеясын түзүүнү сунуштаса, армениялыктар онлайн баарлашуу системасын ишке ашыруу зарылчылыгын белгилешти. Ал эми Тажикстандан келген мектеп окуучулары кийинки "Балдар шериктештиги" форумун өз өлкөсүндө өткөрүүнү каалап жаткандыктарын кошумчалашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков жаштар көтөргөн баардык сунуштар форумдун ийгиликтүү өткөнүнүн далили экендигин белгилесе, Валентина Матвиенко айтылган демилгелер КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарында талкууга алынарын эске салды.

Белгилей кетсек, КМШга кирген өлкөлөрдүн "Балдар шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүү форуму, жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жетекчилиги менен өткөрүлүп келет.

Форумга шериктештикке кирген мамлекеттерден - Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген балдар катышат.

Форумдун максаты - ар кандай билим берүү системасына ээ КМШга мүчө мамлекеттердеги мектеп окуучулары менен жаштардын жетишкендиктерин арттыруу жана нравалык, маданий салттык дүйнө таанымын байытуу үчүн алардын пикир алышуусуна шарт түзүү.

Пикир

Оставить комментарий