• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө балдарга президенттин атынан жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда балдарга президенттин атынан жардам көрсөтүлдү, - деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 11-январда облус башчысы Мирбек Кожоев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына атайын белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, балдарга мектеп формасы, күрмө, рюкзак, көйнөк, свитер, баш кийим жана көптөгөн окуучуларга керектүү кийим-кече, окуу куралдары тапшырылды

Пикир

Оставить комментарий