• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө балык уулаган браконьер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл көлүнөн балык уулаган браконьер кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын Ю.А. Павлов аттуу тургуну “Пелла-Форд” кайыгында 3 даана Кытайдан чыгарылган тор менен кармалган.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча мыйзамсыз балык уулоо аныкталып, тиешелүү акт жана протоколдор түзүлгөн.

Бардык материалдар мындан аркы иликтөө жана чара колдонуу үчүн Ысык-Көл райондук сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Андан тышкары, Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан жалпы узундугу 2000 метр болгон ээси жок 20 даана балык уулоочу торлор алынган.

Пикир

Оставить комментарий