• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө белгисиз себептерден улам баптисттердин чиркөөсү өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 04.01.12. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кажди-Сай айылында 3нөн 4-январга караган түнү баптисттердин чиркөөсүндө өрт чыккан. Бул маалыматты Ысык-Көл облусунун ИИБнин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов тастыктады.

Анын айтымына караганда, учурда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ички иштер бөлүмү өрттүн келип чыгуу себебин тактоодо.

Өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы азырынча белгисиз. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий