• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Көлдө билим берүү жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда билим берүү жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча семинар өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президентинин жарлыгына ылайык, билим берүү жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында КР Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көлдө билим берүү системасын башкаруу, каржылоо жана өнүктүрүү маселелерине тиешелүү болгон ченемдик-укуктук актыларга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо боюнча жумушчу семинар өткөрдү.

Семинарга билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын эксперттери катышты.

Иш-чара мыйзамдык актыларды Конституциянын жаңы редакциясына шайкеш келтирүүгө, ошондой эле билим берүү жаатындагы мыйзамдык базаны оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө, анын ичинде мүчүлүштүктөрдү, карама-каршылыктарды жана кайталоолорду жоюуга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий