• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө таштанды полигону жок, таштандылар көрүнгөн жерге көмүлүүдө – депутат

Аймак 0

Бишкек, 07.03.19 /Кабар/. Ысык-Көлдүн аймагында бир дагы атайын ири таштанды полигону жок, таштандылар көрүнгөн жерге башаламан көмүлүүдө. Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаӊы туристтик мезгил башталганы турат, ага азыртан кам көрүү зарыл.

"Мен буга чейин бул маселени көтөрүп келгем, бирок даярдык жок экен. Жакында Ысык-Көлдөгү пансионаттардын жетекчилери сүйөшүп көрдүм, азыр жок дегенде эки чоӊ көйгөйдү чечип алышыбыз керек экен. Биз ансыз курч турган экология маселесин тыӊгылыктуу чече албайбыз", - деди парламентарий.

"Биринчиден, эс алуу жайларындагы саркынды сууларды таза жайларынын абалына көзөмөлдү күчөтүү керек. Заман талабына толук жооп берген бирин-экин гана тазалоо жайлары бар экен, калгандарынын эптеп эле аты бар. Ал үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан каражат бөлүп, пансионаттарды сууларды таза жайларын курууга милдеттендирүү зарыл", - деп билдирди Турусбеков.

"Экинчиден, ушу тапта Ысык-Көл аймагында бир дагы атайын ири таштанды полигону жок, көрүнгөн жерге башаламан көмүлүп жатат. Андагы 180 эс алуу жайынан күнүгө 5 тонна таштанды чыгат. Ошондуктан, чакан болсо дагы таштандыларды кайра иштетүү заводун куруу керек", - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий