• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө бир жуманын ичинде 3 адам жол кырсыгынан каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда бир жуманын ичинде 3 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-августтан 12-августка чейин Ысык-Көл облусунун аймагында 14 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 эсеге аз.

Жол кырсыктарынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 28 киши жаракат алган. Жабыркагандардын үчөө жашы жете электер. Былтыр ушул убакытта жол кырсыгынан 9 адам каза болгон, анын ичинен экөө жашы жете электер болчу. Андан сырткары 49 адам, анын ичинен 16сы жашы жете электер жаракат алышкан.

Бир жумада 1 миң 425 жол эрежесин бузуу аныкталган. Анын ичинен 21и унаасын мас абалында башкаргандар, айып унаа токтотуучу жайга 40 автоунаа токтотулган.

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн 330 сомдон 500 сомго чейин административдик айып пул салынат.

Пикир

Оставить комментарий