• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө "Бирдиктүү терезе" режиминдеги кошумча тейлөө борборлору иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун бардык шаар жана райондорунда "Бирдиктүү терезе" режиминдеги кошумча тейлөө борборлору иштей баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кардарларга көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, аларга жарандардын жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү, процедуралардын санын жана мөөнөттөрдүн убактысын кыскартуу максатында ИИМ тарабынан Түп жана Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн базаларында "Бирдиктүү терезе" режиминде кошумча тейлөө борборлору ишке киргизилди.

Борборлордо атайын стенддер орнотулуп, ал жерде талап кылынган документтердин тизмелери жана арыздардын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Төлөм акысы тейлөө борборунда же болбосо соода борборлорунда орнотулган терминалдар аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир кызматтын баасы мөөнөткө карата болот.

Акы төлөө баалары:

- 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;

- 1 күндүн ичинде берилсе – 191 сом;

- бекер берилсе – 7 жумуш күн аралыгында.

Пикир

Оставить комментарий