• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө бороондун айынан жабыркаган электр мамылары 16-декабрга чейин алмаштырылат

Аймак 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда бороон-чапкындын айынан жабыркаган электр мамылары 16-декабрга чейин алмаштырылат. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармактарынан” билдиришти.

1-декабрда катуу шамалдан Өрнөк жана Чоктал айылдарында бир нече электр мамылары жабыркаган.

Тамчы аэропортунун маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 32 метрге жеткен.

Энергетиктер иштеп жатат. Толугу менен электр мамылары эки жуманын ичинде калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий