• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө браконьерлердин торунан 10 өлүк жапайы өрдөк табылды - сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө 3 миң метр браконьерлик тор табылганын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик жана экологиялык милиция кызматкерлери Биосфералык аймактын башкы дирекциясынын кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көлдүн суу бетин браконьерлик тордон тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө суудан жалпы узундугу 3 миң метрди түзгөн 30 даана синтетикалык балык уулоочу торлор табылып, тазаланды. Алардан 5 балык жана 10 жапайы өрдөк табылган.

Табылган шаймандар белгиленген тартипте жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий