• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө бус оодарылып, алты адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 83-чакырымында Mercedes-Benz жүргүнчү ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 4-июль саат 20:50лөр чамасында Тоң районунда катталган кырсыктын кесепетинен беш эркек (1984-ж.т. Ш.М., 1980-ж.т. Т.Б., 1982-ж.т. У.К., 1982-ж.т. А.Э., 1968-ж.т. О.А.) жана бир аял (1979-ж.т С.З.) ар кандай жаракат алышкан.

Жабыркагандар тез жардам кызматы менен Тоң райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий