• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө үч жаран баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы Ысык-Көл облусунда баңгизат алып жүргөн үч жаранды кармашты.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Жазык кодексинин 268-беренеси боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында атайын тергөө аракеттери жүргүзүп, анын жүрүшүндө 19 жаштагы К. уулу Э. аттуу жаран кармалган. Аны текшерүү учурунда чөнтөгүнөн баштыкка оролгон кендир жыты бар зат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат гашиш (45 грамм) жана марихуана (150 грамм) баңгизаты экендиги аныкталган.

Ошондой эле 19-ноябрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 59 жаштагы П.В. аттуу тургунунун үйүнүн чатырынан баштыкка оролгон кендир жыты бар зат табылып алынган. Табылып алынган зат марихуана болуп чыгып, анын салмагы 4 килограмм 800 граммды түзгөн.

Ошол эле күнү Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында 36 жаштагы К.Э. аттуу жарандын короосун тинтүү учурунда 5 килограмм марихуана баңгизаты табылып алынган.

Жогорудагы бардык факттар боюнча табылып алынган баңгизаттын жалпы салмагы 9 килограмм 995 граммды түзгөн.

Учурда аталган факттар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий