• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө триатлон боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдө чоңдор жана балдар арасында триатлон боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын триатлон боюнча федерациясынан билдиришти.

Спорттук иш-чара 16-18-сентябрда өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн 300дөй спортчу катышканы турат.

16-сентябрда спортчулар орто аралыкта күч сынашат: 1,9 чакырымга сууда сүзүү, 90 чакырымга велосипед тебүү жана 21,1 чакырымга чуркоо.

17-сентябрда 12-15 жаштагы балдар Борбор Азиянын кубогу үчүн жарышат: 2 чакырымга чуркоо, 8 чакырымга велосипед тебүү жана 1 чакырымга кайра чуркоо. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 5 чакырымга чуркоо, 20 чакырымга велосипед тебүү жана 2,5 чакырымга чуркоо боюнча мелдеш өтөт.

Ал эми 18-сентябрда ышкыбоздор арасында каалаган аралыкта жарыштар өткөрүлөт.

Триатлондун жеңүүчүлөрүнө иш-чаранын демөөрчүлөрү жана өнөктөштөрү тарабынан байгелер берилет.

Пикир

Оставить комментарий