• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголду деген Бельгиянын эки жараны табылды

Коом 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө дайынсыз жоголду деген Бельгиянын эки жараны табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, аларга Бельгиянын 35 жана 32 жаштагы 2 жараны 9-октябрь күнү Каракол шаарындагы "Экстрим-Тур" дүкөнүнөн альпинисттик шаймандарды ижарага алып, Каракол капчыгайы аркылуу Ала-Көл көлүнө кетишкен бойдон дайынсыз жок болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган.

Бирок кечээ саат 21:00дө Бельгиянын Кыргызстандагы консулдугу, аталган жарандар аман-эсен табылганын билдирип, издөө иштерин токтотууну суранган.

Пикир

Оставить комментарий