• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголду деп изделген казак жараны табылды

Коом 0

Бишкек, 17.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдүн Алтын-Көл эс алуу жайында скутер айдап кетип жоголгон казакстандык жаран табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан казакстандык М.А., аттуу жаран аман-эсен Алтын-Көл эс алуу жайына келген.

"Издөөгө 111 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 26 адам тартылган. Саат 21:30да издөө иштери убактылуу токтотулган. Бирок, болжол менен 22:00дө изделип жаткан М.А., аттуу эркек адам Алтын-Көл эс алуу жайына өзү келген", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-июль күнү Кара-Ой айылындагы Кара-Көл эс алуу жайында 53 жаштагы казакстандык М.А. аттуу жаран скутер айдап кетип, дайынсыз жоголгон деп 81 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий