• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 5 жана 8 жашар балдар табылды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда дайынсыз жоголгон беш жана сегиз жашар балдар табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында беш жаштагы М. кызы К. көл жээгинде дайынсыз жоголуп кеткен. Жерине төрт куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Ал эми Бостери айылындагы “Мүрөк” пансионатында көл жээгинде 8 жаштагы эркек бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруучулар жиберилген. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин бала аман-эсен табылган.

Пикир

Оставить комментарий