• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон аял менен эркек киши аман-эсен табылды — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 18-сентябрда 44 жаштагы А.М. аттуу эркек киши жана 45 жаштагы Р.М. аттуу аял киши Эңилчек айылынан чыгып, тоо тарапка Баш-Көл көлүнө кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 4-октябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:30да беш куткаруучу, төрт милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан үч адам, жалпы 12 адам тартылган.

“Саат 13:00дө Эңилчек айылына жетишип, түнөп калышкан. Бүгүн саат 06:00дө куткаруу тобу Баш-Көл көлүн көздөй издөө иштерин баштаган. Издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандар Теректи ашуусунан аман-эсен табылган. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий