• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон эки жаран изделүүдө — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда дайынсыз жоголгон эки жаран изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда милицияга Жаркынбаев айылынын 46 жаштагы тургуну кайрылып, 8-январда анын жубайы Ырысгүл Байтерекова (экинчи топтогу майып, эс тутуму начар) үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.

Белгилери: бою 160-165 см, үстүнкү эриндин оң тарабында тагы бар.

Кийими: сары-кызыл түстөгү куртка, кызыл-көк түстөгү свитер, кара кышкы бут кийим.

Ошондой эле 2021-жылдын 26-ноябрында милицияга Түп районунун Ой-Булак айылынын тургуну 41 жаштагы жолдошу Жансап Дүйшебаев 2021-жылдын 11-июнунда үйдөн өзүнүн унаасында чыккан бойдон кайтып келген эместигин айткан. Күбөлөр аны акыркы жолу Ысык-Көл районунда көргөн.

Белгилери: бою 165-170 см, толук дене түзүлүштө, оң колунда аты жок менен орто манжалары жок, мезгилге жараша кийинген.

“Жогорудагы жарандардын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 0502 106767, 0705 224405, 0709 203087 номерлерине же “102” кызматына кабарлап коюуңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий