• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө документтерди бурмалаган милиционерлер кылмыш жообуна тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө кылмыш ишинин документтерин бурмалаган милиция кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат адамдары кылмыш иш боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө ишке карата буюм далил табуу үчүн документтерди бурмалоо аракеттерин жасашкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 348-беренеси (шалаакылык) менен 2 кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Ысык-Көл РИИБнин мурдагы тергөөчүсү Ш.А.Т. жана мурдагы ыкчам кызматкери А.Ы.А. карата жогоруда белгиленген беренелер менен айыптары угузулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн Ысык-Көл райондук сотуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий