• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө эки айыл өкмөттүн башчыларынын шайлоосу болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу жана Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу болуп өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынан белгилешкендей, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Шамырканов Мирбек Турдубекович шайланган. Ал шайлоого катышкан 15 депутаттын баарынын добушун ала алган. Кызыл-Суу айылдык кеңешинде жалпы 21 депутат иштейт.

Ал эми Түп айыл өкмөтүнүн башчылыгына 19 депутаттын 18инин добушун ала алган Сатыбалдиев Жеңишбек Болотович келген. Түп айылдык кеңешинде да жалпы 21 депутат иштейт.

Белгилей кетсек, эки айыл өкмөттүн башчылыгына бирден гана талапкер болгон.

Пикир

Оставить комментарий