• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө 14 жана 19 жаштагы балдар сууга чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө эки бала сууга чөгүп каза болду, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун аймагындагы Липенка айылынын тушунда көлгө 2 бала чөгүп кетти деген маалымат түшкөн.

Кырсык катталган жээкке Каракол шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 5 суучул-куткаруучу, Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 куткаруучу тартылып, көлгө чөгүп кеткен эки баланын сөөгүн болжол менен 18:20 чамаларында таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришти.

Каза болгон 14 жаштагы Т. А. жана 19 жаштагы Н. И. экөө тең Жети-Өгуз районунун Ырдык айылынын тургундары болгон.

Пикир

Оставить комментарий