• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө эки кишини өлтүрдү деп шектелген жаран издөөгө алынды

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө эки кишинин өлүмүнө шектелген жаран издөөгө алынды. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, учурда шектелүүчү Сергей Смирновду кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Издөөгө алынган жарандын өзгөчө белгилери: бою 160-170 см, көздөрү чоң, күрөң, чачтары саргыл-күрөң.

Аталган жарандын кайсы жерде жүргөндүгү тууралуу маалыматы барлар 0702 14 88 41, 0707 27 99 94, (03922) 54550, 54505, 60321 же Ак-Суу районунун милиция бөлүмүнө (03948) 102 номерине чалсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий