• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө эки студент сууга чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Ысык-Көлдө Ош мамлекеттик университетинин эки студенти сууга чөгүп кеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-июль күнү тез жардам кызматына саат 13:00дө Түп районунда жайгашкан “Факел” пансионатында эки адамдын сууга чөккөнү боюнча маалымат келип түшкөн.

“Жалпысынан Ош мамлекеттик университеттин 4 студенти жабыркаган. Алардын экөөсү көз жумуп, эки студентке медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда алардын абалы канааттандырарлык”,-деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Пикир

Оставить комментарий