• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө эки жаран «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынан чыкты

Аймак 0


Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эки адам «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынын катарынан чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана казыяттын өкүлдөрү менен биргелешкен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында 49 жана 46 жаштагы Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургундары Б.Т. менен М.С. диний-экстремисттик агымынын катарынан чыккандыктарын жарыялашты.

Алардын айтымында, 2013-жылы агымдын ишмердүүлүгү жана максаты жөнүндө түшүнүктөрү болбогондуктан, алардын катарына киришкен. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн улам, аталган диний-экстремисттик агымдын идеологиясы салттуу исламга туура келбестигин түшүнүшкөн.

Алар «Йакын-Инкар» диний экстремисттик агымынан башка жактоочуларын туура тандоого чакырып кетти.

Эске салсак, 2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Кыргызстандагы «Йакын-Инкар» диний агымынын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий