• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө 1,5 жаштагы наристе ур-токмоктон көз жумду

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1,5 жаштагы ымыркай ур-токмоктон көз жумган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү Жети-Өгүз районунун милиция кызматына райондук ооруканадан денесинде көп ур-токмоктун издери бар ымыркай келип түшкөндүгү тууралуу маалымат берилген.

Бала кайра жандандыруу бөлүмүнө киргизилип, ал жактан эсине келбей көз жумган.

Ымыркайдын энеси Светлая Поляна айылынын тургуну 21 жаштагы аял 2016-жылы жолдошу менен ажырашып, декабрь айынын башында Россияга иштеп кеткен. Уулун төрт баласы бар бир тууган эжесине калтырган.

Баланы карап жаткан тай эжесинин айтуусунда, 23-декабрь күнү бала шымына сийип койгон. Эжеси жини келип баланы таяк менен уруп, эки-үч жолу чымчып коюп, уктатып койгон.

“Эки сааттан кийин ал баланы караса, бала кыйналып жатканын көрүп, тез жардам чакырган. Бала ооруканадан кайра жандандыруу бөлүмүнө киргизилген. Баланын денесинде абдан көп ур-токмоктун издери бар. Андан тышкары анын желкесинде жаракаты бар”, - деп кабарлашты милиция кызматынан.

Учурда кылмыш иши козголуп, баардык тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү аял учурда убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий