• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө эки жумадан бери дайынсыз жоголгон аял менен эркек киши изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө эки жумадан бери дайынсыз жоголгон аял менен эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда 44 жаштагы А.М. менен 45 жаштагы Р.М. аттуу аял менен эркек киши Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан чыгып, Баш-Көл тоо тарапка кеткен. Алар кайра 28-сентябрда кайтып келиш керектигин айтып, туугандары ӨКМге кайрылышкан.

Издөө иштери өз алдынча жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок.

“4-октябрь күнү таңкы саат 06:00дө ӨКМден жалпы 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий