• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө эл аралык автордук ырлардын фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. 11нен 14-августка чейин Ысык-Көлдөгү “Знаки” эс алуу базасында жыл сайын өтүүчү “Ысык-Көл таңы” эл аралык автордук ырлардын фестивалы болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Түрдүү жанрларды, кыргызстандык жана чет өлкөлүк ырлардын авторлорунун, аткаруучуларынын башын бириктирген поэзия жана ырдын майрамы 5-ирет өткөрүлгөнү турат. Ал Ысык-Көлдө жана Бишкекте гала-концерттер менен жыйынтыкталат.

“Ысык-Көл таңы” фестивалы Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен маданий байланышын бекемдөө, экологияны коргоо, туризмди өнүктүрүү, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, автордук ырлардын жана поэзиянын жанрын өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий