• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө эл аралык издөөдө жүргөн казакстандык жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.17. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Чок-Тал айылындагы сарайда эл аралык издөөдө жүргөн адам жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөнүн натыйжасында Казакстан республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 99-беренеси боюнча (Адам өлтүрүү) айыпталып жаткан 36 жаштагы Казакстандын жараны кармалган. Жеке текшерүү учурунда андан “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчанын 7 ок дарысы алынган.

“Ошондой эле аны менен чогу жургөн Казакстандын 29 жаштагы У.Давлет жана 25 жаштагы Е.Нуртаз аттуу жарандары кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандар облустук убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн райондук милицияга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий