• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө эл аралык “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалы башталды

ДКО 2018 0


Бостери, 05.09.18. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү Бостери айылында кечээ үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалы башталды.

Иш-чаранын ачылыш аземинде КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөдү.

Өкмөт башчы калың элдин алдында сүйлөп жатып элдердин маданиятынын жана салт-санаасынын уникалдуулугун сактап калуубуз керек деп баса белгиледи.

"Кыргызстанда – көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде, жайкалган Кырчын жайлоосунда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары ийгиликтүү, бүйүрдү кызыткан, бийик деңгээлде өтүп жатат. Эл аралык эксперттердин рейтинги боюнча, Кыргызстанда өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2018-жылдын үч эң маанилүү окуяларынын катарына киргизилди. Дүйнөлүк коомчулукта мааниси жагынан уникалдуу жана популярдуу деп табылды. Бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Муну менен катар иш-чаранын дүйнөлүк телеканалдардан, массалык-маалымат каражаттарынан кеңири жана түз берилип жаткандыгы кубандырып жатат. Көчмөндөр оюндары менен кошо биздин жергебизге, кутман элибизге кут түштү десек болот. Кыргыз жергесинин табияты, каада-салты, үрп-адаты, улуттук колорити менен дүйнө коомчулугу жакындан таанышууда”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өлкөнүн премьер-министри белгилегендей, “Көчмөндөр ааламы “этнофестивалынын ачылышы көчмөндөрдүн духу жана тарыхы менен жакындан таанышууга болгон ункалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалы 7-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий