• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө эл аралык туристтик көргөзмө-жармаңке өтөт

Маданият 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти Кыргызстан курортторунун Ассоциациясы менен биргеликте 2017-жылдын 6-7-майында «Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition- 2017» Ысык-Көл эл аралык туристтик жармаңке-көргөзмөсүн өткөрөт. Иш-чара Чолпон-Ата шаарына жакын Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ипподромдо өтөт.

КР ММТМ билдиргендей, көргөзмө “Салам, Ысык-Көл-2017” фествиалынын алкагында өтөт.

Эл аралык туристтик көргөзмөнүн ачылыш салтанатына КР өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн, аткаруучу бийлик органдарынны жетекчилеринин, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Көргөзмө-жармаңкеде алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн туристтик агенттиктеринин, туркомпаниялардын, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, мейманканалардын тейлөө кызматтары сунушталат.

Катышуучулардын арасында инвесторлор, туризмге байланыштуу өнөр жайчылар жана өндүрүшчүлөр, ишкерлер, туриндустрия эксперттери катышат.

Көргөзмөдө катышуучулар павильондордо жайгашат.

Ошол эле жерде кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү коюлат.

Көргөзмөнүн катышуучулары жана меймандарын туристтик компаниялардын маалыматтары, “Салбурун” улуттук аңчылыгын көрсөтүү күтөт. Жыйынтыгы боюнча "Issuk-Kul tourism awards-2017" сыйлык тапшыруу салтанаты өтөт. Анда ар кандай туристтик компаниялардын жеңүүчүлөрү жарыяланат.

Иш-чара эстрада ырчыларынын концерти мене аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий