• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө элдик кошуундар милиционерлерге укук тартипти камсыз кылууда көмөк көрсөтүшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрү коомдук жайларда тартипти камсыз кылууда милиция кызматкерлерине жакындан жакын жардам беришүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү - бул өзүнүн жашоосунда активдүү позициясы бар, өзүнүн жашаган жеринде элдин коопсуздугун камсыз кылууну эӊсеген жарандар болуп эсептелинет.

Элдик сакчылар жашаган жериндеги кырдаалды жакшы билишет жана коомдук тартипти бузган адамдар жөнүндө дагы кабардар. Ар дайым, милициянын аймактык өкүлдөрү менен бирдикте коомдук тартипти сактоо боюнча кызматка чыгышып, ар кандай укук бузууларды аныкташып, ага бөгөт кою боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келишүүдө.

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда өткөн 300дөн ашуун иш-чарага коомдук тартипти сактоого элдик сакчылардын 1 316 өкүлү тартылган. Ыктыярдуу элдик коошундарынын мүчөлөрү 116 укук бузуу фактыларын аныктоого көмөктөшүшкөн, анын ичинен 46 фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын
Бузуулар жөнүндө кодексинин 81 (коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүү) беренеси менен протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынган.

Алар 12 кылмыштын жана 56 жоруктун бетин ачууга катышкан.

Пикир

Оставить комментарий