• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө эс алуу. Чет элдиктер үчүн коопсуздук боюнча жети кеңеш

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда жайкы туристтик мезгил башталгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук милициясы эс алууну каалаган чет өлкөлүк туристтерге бир катар кеңештерди берет.

"Туристтик милиция ар бир эс алуучунун коопсуздугун камсыз кылууда бардык аракеттерин көрүүдө. Бирок көӊүлдүү саякатыӊызды айрым терс көрүнүштөр капалантпаш үчүн бардыгын алдын ала ойлонуу зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Бирок сизди тоноп кетишкен болсо, анда чет элдик жаран консулдукка алдын ала телефон чалып, милицияга кайрылышы керекпи? Ушул жана башка суроолорго Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында жооп беришти.

Алдын ала чара көрүңүз

Эс алуу учурунда өзүңүздүн коопсуздугуӊузду камсыз кылуу үчүн чет өлкөгө келерден мурун, бардык документтерди (виза, паспорт, камсыздандыруу (бар болсо), билеттерди текшериңиз. Алардын бардыгы тийиштүү тартипте жана жарактуу мөөнөттөрүнүн узактыгы болушу керек. Туристтик агенттиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн телефондорун жана дарегин жазып коюңуз - алар саякат учурунда сизге жардам берүүгө милдеттүү. Бул өзгөчө жайгаштыруу, жашоо шарттары, тейлөө деңгээли жана тамактандыруу маселелерине тиешелүү. Сактык маселесине өзгөчө кам көрүӊүздөр жана жеке буюмдарыңыздарга кош мамиле кылбаӊыздар.

Документтерди жана ири суммадагы акчаларды өзүңүз менен алып жүрбөңүз, аларды мейманканада калтырыңыз. Банктык картаңызда сумманын бир бөлүгүн сактаңыз. Ошол эле учурда, сапар алдында Кыргыз Республикасында ушул карта менен төлөө мүмкүнчүлүгү бар-жогун текшерип алыңыз. Сиз жашаган мейманканада сейф же сактоо бөлмөсү болсо жакшы болот. Маанилүү документтердин электрондук көчүрмөсүн жасаңыз, түпнускасын жоготуп алган учурда сизге керек болот.

Акча же документтер уурдалса кайда кайрылуу керек?

Чет өлкөлүк жаран каалаган уюлдук телефон аркылуу «102» же «112» кыска байланышына, же болбосо 0705 00-91-02 номерине чалып, окуя тууралуу кабарлашы зарыл. Билдирүүгө Ысык-Көл облусунун милициясы токтоосуз чара көрүшөт.

«112» номери – ыкчам жардам көрсөтүү кызматтары үчүн бирдиктүү номер. Ал жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жаралган учурда жардам көрсөтүү, кырсыктарда, бөдө кырсыктарда, өрттөрдө, коомдук тартипти бузууда жана башка окуяларда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда келтирилген материалдык чыгымдарды азайтуу жана адамдарга бирдиктүү маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан муниципалдык багыттагы диспетчердик кызматы.

Андан тышкары Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынын базасында call-борбор иштейт, анда чет элдик турист же эс алуучу +996705009102 номерине чалып, керектүү болгон бардык маалыматтарды англис же орус тилдеринде ала алат.

Чет элдик жаран кыргыз тилин билбесе, милиция кызматкерлери менен кантип баарлашууга болот?

Чет элдик туристтер милиция бөлүмүнө келип калса, котормочу менен камсыз болушат. Ошол эле учурда Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, котормочу жазык процессине кызыкдар адам болбошу керек. Котормочу, чет элдик жаран сүйлөгөн жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан тилди билиши керек. Мындан тышкары, анын жазуу жүзүндөгү документтерди которуу тажрыйбасы болушу керек.

Чет элдик жаранга элчиликтин же консулдуктун өкүлү керекпи?

Уурдоо, талап-тоноо жана башка кылмыштар жөнүндө милицияга арыз менен кайрылуу үчүн, чет элдик жаранга өз өлкөсүнүн элчилигинин же консулдугунун өкүлдөрүнүн катышуусу талап кылынбайт.

Бирок, алар, эгерде чет өлкөлүк турист жабырлануучу же күбө катары өтүп жатышса, өз өлкөсүнүн жарандарынын кызыкчылыгынын мыйзамдуу өкүлдөрү катары катышууга укукту.

Эгерде милиция арызды карабаса

Эгерде чет элдик жаранга карата кылмыш жасалып, милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүүдөн баш тартышса же тергөө ишин создуктурса, ал адам укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине сотко даттанууга укуктуу. Мындан тышкары, арыз ээси КР ИИМдин ички иликтөө кызматынын +996704999918, же болбосо ыкчам борборунун (0312) 66-23-31номерлерине кайрылса болот.

Милиция кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине байланыштуу прокуратуранын +996312542818 ишеним телефонуна чалып, арызданса болот.

Жоголгон буюмдар ээсине кайтарылып берилеби?

Эгерде кылмышкер аныкталып, андан жабырлануучунун буюмдары алынса, алар ээсине кайтарылып берилет. Кандай болгон күндө дагы, уурдоо фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталат. Милиция сөзсүз түрдө бул фактыны териштирет.

Эгерде виза маселеси келип чыкса

Эгерде Кыргызстанда виза аяктаганга чейин бир нече күн калса, милиция кызматкери чет мамлекеттик жаранды өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууга укугу барбы? Жок, андай укугу жок. Визанын мөөнөтү бүтө элек учурга чейин, эгерде ал күнгө чейин бир нече күн калган болсо дагы, сизди өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кыла алышбайт.

Пикир

Оставить комментарий