• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө этно-экологиялык тасмалардын эл аралык кинофоруму өтөт

Аймак 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи эл аралык “Мөңгү” фестивалы өтөт.

Этно-экологиялык тасмалардын кинофоруму 3-сентябрда башталып, 7-сентябрда аяктайт.

Иш-чаранын уюштуруучулары социалдык тармактарда кылымдар бою жаратылыш менен шайкеш жашап келген көчмөн элдердин маданиятына кошулууга чакырышууда.

“Биздин планета жаратылыш ресурстарынын чоң булагы экенин билебиз, бирок алардын баарынын өз чеги бар. Биздин башкы максат жаратылыш ресурстарын, айлана-чөйрөнү коргоо, бул маселелердин маанисин жана масштабын кинематографиялык искусство аркылуу көрсөтүү болгондуктан ушундай тематиканы тандап алдык”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий