• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү алыскы Сары-Жаз өрөөнүндө 40 чакырым жол оңдолду

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун алыскы Сары-Жаз өрөөнүндөгү жайыттардын жолдору оңдолууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн бюилдиришти.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Илияз Иманбетовдун тапшырмасы менен алыскы жана жакынкы жайыттарга баруучу жолдорду оӊдоп түзөөдө район жетекчилери, тийиштүү мекеме ишканалары айыл өкмөттөрү, айыл башчылар, жайыт комитеттери тиешелүү иш алып барууда.

Иштин жүрүшү менен Ак-Суу районунун жетекчилиги, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын райондук жетекчиси барып көрүп, жетишпеген техника, күйүүчү каражаттар менен камсыздоо колго алынды.

Суу жеп кеткен Сары-Жаз өрөөнүндөгү Куюлма, Кайыңды тараптагы Эшилме участкаларында болжолдуу 40 км жолдор оӊдолду, азыркы тапта көпүрө оӊдолуп жатат.

Бул иштер Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып, алыскы жайыттардын жолдорун оӊдоого алынган фронталдык погрузчик иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий