• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү ар бир пансионатта милиция пункттары ачылды

Коом 0

Чолпон-Ата, 06.07.18. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгиндеги ар бир пансионатта милиция кызматкерлери иштей башташат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Кыргызстандын туризм секторун өнүктүрүү боюнча Чолпон-Атада өткөн көчмө жыйында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Ал белгилегендей, жайкы сезон учурунда тартип сакчылары күчөтүлгөн режимде иштешет. Жолдордогу коопсуздукту камсыздоо үчүн 30 көчмө пункт ачылган, анын жарымы Чүй, жарымы Ысык-Көл облустарында иштешет. ИИМдин жолдогу коопсуздукту камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери бул региондордогу трассаларда нөөмөттө турушат.

Мындан сырткары 300 милиция кызматкери пансионаттардагы тартипти сактоо үчүн жана туристтерге ар кандай абалда жардам берүү үчүн иштешет.

Пикир

Оставить комментарий