• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон токтомго ылайык, Ысык-Көлдөгү Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү.

Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
- Асман экологиялык таза шаарын долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчынын функцияларын аткаруу;
- инвестицияларды тартуу жана ресурстук камсыз кылууну башкаруу;
- долбоорго мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо.

Пикир

Оставить комментарий