• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү бороон-чапкын: Облус башчысы жапа чеккендерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда катталган бороон-чапкындан жапа чеккендерден облус башчысы Акылбек Осмоналиев кабар алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле жапа чеккен тургундардан кабар алууга облус жетекчиси менен чогуу Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов, Ак-Суу районунун башчысы Акылбек Түкөбаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Замир Жумагазиевдер барышкан.

Эскерте кетсек, кечээ Каракол шаарында катуу бороон-чапкын болуп , үйлөрдүн чатырларын учуруп, чарбалары үзгүлтүккө учураган. Андан тышкары электр зымдары үзүлүп, унаалардын терезелерин талкалап, дарактар кулаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен.

“Тилекке каршы, жарандардын мүлкү камсыздандырылган эмес. Бирок, биз материалдык жактан жардам берүүнүн жолун издейбиз”, - деди Акылбек Осмоналиев.

Учурда келтирилген материалдык чыгым эсептелүүдө.

Жеринде ыкчам штаб түзүлүп, бороондун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий